Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

"Тез окуу" ийрими

Тез окуу деген эмне?

 


Бизге мектепте алгач муундап окууну үйрөттү. Муунга бөлүп окуп отуруп, үн чыгарып окуп калдык. Оку, кайтала! Ушундай жол менен көптөгөн китептерди окудук. Акырында бул адатка айланып кетти. Азыр гезит, китеп, жаңылык окусак да күбүрөнүп окуйбуз. Бизге ошондой ыңгайлуу, түшүнүктүү болгондой сезилет. Бирок, чындыгында, мындай окуу - жай окуунун негизги белгилеринин бири. Чынында, биздин көзүбүз бир караганда бир бетти толугу менен сүрөткө тартып, андагы бардыгы маалыматты камтып ала турган жөндөмгө ээ. Ошончо жөндөмү бар көздү биз чектеп коюп жатабыз. Үн чыгарып окуу адатынан арылуу үчүн көз менен гана окууну баштайбыз, аны адатка айландырабыз. Күн сайын жасаган көнүгүүлөрдөн кийин үн чыгарып окуунун таптакыр кажети жок экенин байкайсыз. Үн чыгарып окуганга караганда, көз менен окуганда 10 эсе бат окуй баштайсыз.

Биздин максат: окуучуларыбызды пассивдүү окурмандардан активдүү окурмандарга айлантуу, ошону менен биргеликте алардын ички
таланттарын жана жашыруун жөндөмдөрүн алып чыгуу.

  • Туура китепти кантип тандайбыз?
  • Тез окууга эмне кедергисин тийгизет?
  • Окуган маалыматты эске тутуунун жолдору.

Бир жылда 100 китеп окууга кантип жетишсе болот? - деген суроолорго жооп алуу менен бул ийримде сиздер окуунун тездигин жогорулатуу үчүн көнүгүүлөрдү жасап эле калбастан, интеллектуалдык жөндөмдөрдү өстүрүү үчүн да көнүгүүлөрдү үйрөнөсүз!

Ар бир адам гениалдуу, а адам мээси уникалдуу. Мээнин потенциалын
чексиздик менен өнүктүрсө болот.

Тез окуу жөндөмүңүздү өркүндөтсөңүз, сиз акылдуу жана квалификациялуу маектешти тапканынызды байкайсыз. Сиз билимдин эң чоң үлүшүн аласыз. Бул күч! Окуунун жана билимдин аркасында сиз мыкты маектеш болосуз. Демек, сиздин тез окуу техника жөндөмүңүз билим алуу, акча табуу, көңүл ачуу жана жалпысынан толук кандуу жашооңузга эң чоң салым кошорун эстен чыгарбаңыз.


Андыктан “Креатив-Таалим” билим берүү комплексиндеги “Тез окуу” ийримине кош келиңиз!


Ийрим жетекчиси: