Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

"Кесипке багыттоо" ийрими

Кесипти кантип тандайбыз?

 


Кесиптердин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн коомдо пайда болгон карым – катыш, муктаждыктын натыйжасында келип чыккан. Кесип XIX кылымдын аягына чейин кеңири ойлоону жана пландоону талап кылбаган тема болуп эсептелчү. Балдары да атасынын кесибине окшош түрдөгү кесип тандай турганына ишенишчү. Эгер киши жыгач уста болсо, анын атасы да балким жыгач уста эле, баласы да буга окшош бир кесип тандоосу күтүлөт болчу.

Кесип - өмүрүбүздүн үчтөн бирин өткөргөн ишибиз, алагды болгон нерсебиз. Кишилер кесиптери менен өздөрүн таанытышат. Кишилер менен кесиптердин арасында көптөгөн байланыштар бар. Кесип ал кишинин адамкерчилигине, дүйнөгө көз карашына, кабыл алуусуна таасир этип, кишилерде окшоштуктар, айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр жана жакындыктарды пайда кылат. Мисалы, куруучу менен мугалимди, милиционер менен инженерди салыштыралы. Алар кесиптери жана иштеген иштеринин негизинде бири-биринен айырмаланып турушат.

Кесиптер жалпысынан - товар өндүрүүчү (көзгө көрүнгөн) жана кызмат кылуучу (көзгө көрүнбөгөн) иш болуп экиге бөлүнөт. Кесиптердин саны канчалык көбөйгөн сайын, кесип тандоо да ошончолук оордошуп бара жатат. Мында максат көптөгөн кесиптердин ичинен бирин тандоо, бир чечимге келүү процесси болуп эсептелет. Адистикти тандоодо баланын ошол адистикке даярдыгы болушу керек

Техниканын өнүгө элегинде кесиптердин бири-биринен айырмачылыгы аз эле. Индустриянын өнүгүүсү менен кесиптерде жаңы түрлөр пайда боло баштап, жаны иш мүмкүнчүлүктөрү чыкты. Мурунку коомдук структуранын бузулушу менен кишилердин кесиптер жөнүндө маалыматы кеңейди, мунун натыйжасында кесип тандоо да татаалдай баштады.

Мектеп окуучуларынын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программанын жетекчиси (PISA) – Andeas Schleicher "The world no longer pays you for what you know - Google knows everything - but what you can do with what you know"
Мындан ары дүйнө сенин билген нерселериңе акы төлөбөйт - Гугл баарын билет. Билгендериңдин натыйжасында эмне кыла аласың ошого төлөнөт.

оюмча азыркы жаштарга багыт алуу үчүн актуалдуу пикир болуп саналат. Демек акыркы жылдагы маалымат технологияларында болуп жаткан жаңылыктар адамдардын кесип тандоосуна жана кесипке болгон мамилеге кескин өзгөрүүлөрдү киргизди деп айтууга болот.

Азыркы күндө дүйнөгө белгилүү ири компьютердик компанияларды ЖОЖ дун диплому жок болсо да жогорку позицияларды ээлеп, таңсык адиске айлангандардын саны көбөйүп жатат. Буларга карата “Жаңы жакачандар” деген термин пайда болду. Алардын техникалык жөндөмдөрү эң жогорку деңгээлде. Мисалы: Булут санакчаларын жүргүзө турган адистер. (Компьютердик термин).

эле мезгилде IT тармаганда стандарттуу төрт жылдык бакалавр багытында билим берилет. Ал эми бул тармагындагы ыкчам өзгөрүүлөрдөн улам Университеттин дипломун алган учурда алардын билимдери эки жылга эскиргендиги айтылат.

Ал ортодо Мail.ru интернет порталынын талдоочулары азыркы күндө Гуманитардык багытта диплому барлардын 86% өз кесиби боюнча жумуш таба албастан башка тармактарда эмгектенип жатышкандыгын баса белгилешет. Дүйнөлүк тенденциялардын таасири РФ эмгек рыногуна да өз таасирин тийгизип жатат.

Болочоктогу адистер тигил же бул багытта билим алгандан тышкары өздөрүнүн жеке компетенцияларын дайыма өнүктүрүп туруу зарылдыктары туулду. Тынымсыз билим алуу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу, ийкемдүүлүк сыяктуу сапаттар ар бир кесипкөйгө карата милдеттеме сыяктуу угулат. Зарыл компетенциялардын айрымдары:

  • Системалык ойлонуу
  • Экологиялык ойлонуу
  • Программалай билүү
  • Ар кыл кырдаалдарда ыкчам ойлонуп, чечим кабыл ала билүү жөндөмдүүлүгү
  • Тармактар ортосунда комминикация жөндөмдүүлүгү
  • Адамдар менен иштиктүү кызматташа алуу, клиентке багытталгандык
  • Долбоорлорду жетектей алуу
  • Ар кыл маданият өкүлдөрү менен тил табыша билүү
  • Көп тилдүүлүк

Натыйжада илим жана технология жаатындагы жаңылыктар бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо менен биргеликте өзгөчө талаптарды коюуда. Жогорудагы мисалдардан болочогубуз техникалык багыттагы адистиктер менен тыгыз байланышта экендиги көрүндү. Демек так предметтер менен тыгыз алакада болгон жаштар утушта болоору шексиз. Бирок, алмуздактан бери келе жаткан айныксыз эреже дагы эле күчүндө. Ал, адамдын өмүрлүк кесибин тандоосу өзүн таануу менен бирге жүрөт. Өзүбүздү таанып, ошого карата ири максаттарды көйдөйлүү урматтуу жаш досум.

Ал эми “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде иштеп жаткан “Кесипке багыттоо ийрими, окуучулардын инсандык сапаттарын өнүктүрүү менен алардын өздөрүн таанып билүүгө, анын жыйынтыгында келечектеги кесибин туура тандоого тарбиялайт.

“Кесипке багыттто” ийрими 9-11-класстардын бардык окуучуларына жумасына 1 саат кирет.


Ийримдин жетекчиси: Жооданбеков Асылбек.