Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

Окуучулар жана мугалимдер үчүн журналдар

Окуучулар жана мугалимдер үчүн кызыктуу, заманбап журналдарды чыгаруу

 


“Креатив-Таалим” билим берүү комплекси окуучулар жана мугалимдер үчүн ар дайым илим жана техника, спорт жана ден соолук, билим жана методика тармагындагы алдыңкы ачылыштар, жапжаңы жаңылыктар менен байма-бай тааныштырып туруу максатында журналдарды чыгарып келет. Алар: балдар үчүн арналган “Дилгир” илимий-популярдуу интерактивдүү журналы жана “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин мугалимдеринин иш тажрыйбасынан алынган мыкты сабактардын иштелмелерин, докладдарды жана презентацияларды камтыган “Кратив-Таалим” жыйнагы.

Аталган журналдардын негизги өзгөчөлүгү-алардын интерактивдүүлүгүндө. Ошондой эле рубрикалардын кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды камтыгандыгында.

Айрыкча журналга батыра албаган маалыматтардын, презентациялардын, видеоматериалдардын QR код аркылуу берилиши, окурмандар үчүн өзгөчө пайдалуу. Маселен, эгерде ЖРТ боюнча негизги тестке даярданып жаткан окуучу болсо, ал журналда берилген материалдардын видеоверсиясын жана презентациясын смартфон аркылуу QR коддун жардамы менен көрө алат. Ал эми мугалимдер сабактын гана эмес, тарбиялык сааттардын да мыкты үлгүлөрүн окуучулары үчүн пайдаланып, ал тургай презентацияларды, видеоматериалдарды демонстрациялай алышат.


Видеопрезентация

 


Фотослайдер