Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

Мектепке жазылуу

"Креатив-Таалим" билим берүү комплексине кантип жазылуу керек?


Ал үчүн төмөнкүдөй кадамдарды аткарасыз:

  1.  Эң биринчиден уулуңуз(кызыңыз) сайтка кирип классына тиешелүү болжолдуу тестти тапшырып, өзүн сынап көрсүн, анткени мектепке кирүү үчүн биринчи ошол сыяктуу тест тапшырышы керек.
  2. Андан кийин +996 706 375454 телефону аркылуу байланышып, сиз каалаган класска орун бар экенин тактаңыз;
  3. Эгерде орун бар болсо, "Креатив-Таалим" билим берүү комплексине келип, биздин шарттар менен жеринен таанышыңыз;
  4. Эгерде биздин шарттар сизди канаатандырса анда биз менен келишим түзүңүз;
  5. Келишим түзгөндөн кийин сиздин уулуңуздун же кызыңыздын класс жетекчиси жана классы менен тааныштырат;
  6. Андан тышкары мектепке керектүү деген документтердин топтомун толук тапшырасыз;
  7. Ошентип сиздин уулуңуз же кызыңыз "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин окуучусу болот.

 

"Креатив-Таалим" билим берүү комплексине киргизүү үчүн талап кылынуучу документтер тизмеси


  1.  "Креатив-Таалим" билим берүү комплексине келгенде директордун наамына атайын үлгүдөгү арыз-анкета жазасыз
  2. Жашаган жеринен справка
  3. Окуучунун  туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (2 даана)
  4. Окуучунун ден соолугу боюнча атайын үлгүдөгү Ф-026 жана Ф-063 медициналык картасы
  5. Ата-энесинин(мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) паспортторунун көчүрмөсү
  6. 4 Х 6 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт (4 даана)
  7. 10 файлы бар файлдык папка
  8. Дело(кичинекей формадагы) куучунун мурунку окуган мектебиндеги делосу алынып келинет
  9. Окуучунун ПИН коду.

 

 

Түшүнбөгөн сурооңуз калса:


Телеграммга байланышыңыз