"Комуз" ийрими
Комуз ийрими жөнүндө
Үч буроо жалгыз тээк үч кыл комуз,
Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз.
Опоңой көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.
Кыргыз элине кеңири тараган музыкалык аспаптын бири комуз Комузду кыргыз элинин көпчүлүгү черте билет.Комузду колуна алып мен комузчумун дегендин баары үнүн комуздун коңуру менен коштой алат. Кыргыз комузу үч кыл тагылышы жана ар кыл күүлөрдү күүгө салуу жактарынан өзгөчөлөнөт.
Пайда болушу
Кыргыз тарыхынын энциклопедиясынын туу чокусу болгон Манас эпосунда, Манас атабыз кеселдеп жаткан учурунда, белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында: “Карагай капкак жаптырган, Комузчудан жүздү алдырган” деген жери бар. Демек, комуз Манастын убагында эле бар экени айкын. Андан мурдагы тарыхый булактарга сереп салып көрсөк. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур: “Комуз музыкасы жаңы эрадан илгери биринчи кылымдарда ата мекенибиздин ички аймактарына таркаган. Жаңы эрага чейин 33-жылы Хан империясынын падышасы Хан- Юальдий ордо кенезектеринин бири болгон Ван-Хавчук деген кызды Уннулардын теңири кутуна “падышасына” узаткан. Бир канча жылдан кийин Ван-Хавчук өз мекенине Чоң-Аит шаарына кайтканда бир музыка ала келген. Конок ашында отурган бир аалым: “Бул музыканын аты эмне?” деп сураган. “Бул кобус деген музыка болот” деп жооп берет. Ван-Хавчуктун айтуусу менен эле “кобус” кыргыздардын “комуз” деген сөзүнөн чыккан болсо керек” деп болжолдоп койгон, так маалымат жок.
Комузчулук өнөр
Коломто комузчу. Очок башында жамбаштап жатып, өзү менен өзү кыңгыр добуш салаар, эриккенде ээн жерде эрмекке жараар, чаалыгып-чарчаганда черин жазаар, качан да болсо жүк бурчунда комузу даяр. Мындай өнөр, албетте, коломто комузчуга гана таандык.
Жоро комузчу. «Yлпөт» десе, үйүндө тынч жатпаган, отуруш жыйынды эстеп, оолукмасы кармаган, «жоро-бозо» жыйындарында четте калбаган, обон күүлөрдү ойкуштанта чалып, ким ырдаса, ошону жандаган, жалгыз жарым кайрыктарды кураштырып, «менин күүм» деп жарыя салганга чейин барган, бирок, аламан жарышка жарай албаган, арымы кыска аспапчыларды жоро комузчу деп коюшат.
Устат комузчулар. Мектептерде, атайын окуу жайларда, маданий мекемелерде, ишканаларда, ийримдерде шакирттерин даярдап, ата мурастарынын өнүгүшүнө салымдарын кошкон комузчулар устаттар аталышат. Албетте, устат-шакирт ортолугундагы алака-катышта «акыл оошмок, өнөр жугушмак».
Устат-шакирт аралыгы түбөлүктүү эмес. Идиреги бар шакирттер устатынан алгандарын бүкүлү бурдап сугунбайт. Чыпкалап, тандап, чыныгы чыгармачылык электен өткөрүшөт, таразалап-такташат, тазаларын бапташат, өз табылгаларын сыпайы чаптап, жаңыны жаратышат. Эл макалында айтылгандай: «устатынан шакирти өтмөгү» ошондон.
Сыпайы-сынаакы комузчулар. Шартылдата күү чалып, шаңкылдата обон созуп, шатыра-шатман отуруш жыйындарда өзүн өзгөчө көрсөтпөйт. Кыл тербөөчүлүк өнөрүн өз чөйрөсүндө гана сыпайы сыртка чыгарат. Калк мурасына кадыркечтик мамиле кылган, талаштуу маселеде калыс турган, аталар салтын аздек туткандар сыпайы-сынаакы комузчуларга жаткан.
Ийримдин максаты:
Кыргыздын байыркы музыкалык аспаптарынын негизгиси болгон комузду ойноо өнөрүн окуучуларга үйрөтүү, окуучунун угуу жөндөмүн эске тутумун жакшыртуу, алардын музыкалык жөндөмүн арттырып сезимдерин ички сезимдерин ойготуу. Мындан тышкары комуз чертүү өнөрү аркылуу, комуздун мукам күүлөрү, ырлары аркылуу кыргыз элинин байыркы тарыхын маданиятын, үрп-адатын, салт-санаасын билүүгө өбөлгө түзүү.
“Креатив-Таалим” билим берүү комплекси кыргыз тилдүү билим берүү комплекси болгондуктан биз улуттук баалуулуктарга өзгөчө маани берип, балдарыбыздын кылымдарды карыткан улуу кыргыз элинин тарыхы, маданияты жөнүндө кеңири билимдерге ээ болуусуна болушунча шарттарды түзөбүз. Аталган комуз ийрими да бул миссияга өз салымын кошот деп ишенебиз.
Ийрим жетекчиси: Молойова Аида