Ийримдер
Ийримдер
“Креатив-Таалим” билим берүү комплекси ачылгандан бери балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө көп аракеттерди жасап келет. Анын бири балдар үчүн ар тармактагы ийримдердин иштеши. Негизинен ийримдер 3 категорияга бөлүнгөн. Алар:
- Билимдерин өркүндөтүүчү ийримдер
- Чыгармачылыгын жана өнөрлөрүн өркүндөтүүчү ийримдер
- Спорт ийримдери.
Өздөрүнүнү кызыгууларына жана жетишишине жараша балдар 3, 4 ийримди тандап алууга укугу бар. Ийримдер түштөн кийин балдардын түшкү тамагынан кийин, таза абага сейилдөө убагы бар, ошол сейилдөө убагынан кийин башталат. Оптималдуу вариантта бала бирөөсүн билимин өркүндөтүүчү, бирин чыгармачылыгын өркүндөтүүчү жана бири болсо ден соолгун чыңдоо максатында спорт ийримин тандап алса тура болот. Андыктан ар бириңиздер өзүңүздөрдүн каалооңузга карата ийримдерге катышыңыздар!