Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

Ийгиликтүү инсандар менен жолугушуу

Ийгиликтүү инсандар менен жолугушуу

 


"Креатив-Таалим" билим берүү комплекси окуучулардын келечекке багыт алуусуна жана билим алуудагы шыктандыруучулук  багыттарга өзгөчө көңүл бөлөт. Ошондуктан бир айда бир жолу "Ийгиликтүү инсандар менен жолугушуу" иш чарасын өткөрүп турат. Жашоосунда көптөгөн ийгиликтерди жараткан ийгиликтүү инсандарыбыздын иш тажрыйбалары окуучуларыбызды шыктандырбай койбойт. Андыктан спорт, маданият, илим, бизнес ж.б. тармактарда жеткиликтүү деңгээлде ийгиликтерди жараткан инсандар менен жолугушуу, алардын ийгиликке болгон кадамдарындагы ысык-суугу менен таанышуу жана алардан кеңеш алып баарлашуу окуучулардын күтүп катышкан сүйүктүү иш чаралардын бири десек болот. Ийгиликтүү инсандардын жашоого болгон ар тараптуу көз караштары, жашоолорунда болгон кызыктуу окуялары албетте окуучуларды кызыктырбай койбойт. Мындай иш чарага окуучулар да өтө кызыгуу менен активдүү катышып, аларга өздөрүнүн суроолорун берип, жолугушуу жогорку деңгээлде өтөт. Былтыргкы жылдын эсебинен биздин бул иш чарабыздын коноктору болуп: Манасты дүйнөгө даңазалап, биринчисинде 14 саат наар албай тынбай Манас айтып, кийинкисинде болсо Орус мамлекетинде   5 күн, 5 түн Манас айтып, дүйнөгө белгилүү болгон Дөөлөт Сыдыков агабыз, жаш болсо да бизнес, экономика багытында кийин болсо президенттике талапкерлигин көрсөткөн саясий багытта да өзүн ийгиликтүү көрсөтө алган жаш саясатчы Эльдар Абакиров, Москвадагы балдардын таланнттар шоусунда "Калькулятор бала" атка ээ болгон менталдык арифметиканын сырларын багындырган  Арсен Рахымбеков, ошондой эле биздин балдар менен экс билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевич ж.б. болуп келип кетишти. Бул иш чарабызга быйыл да буйруса спорт багытында ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз Айсулуу Тыныбекова баш болгон спортчуларыбызды, о.э. азыркы кезде эң престиждүү болгон кесип  IT  технологиялары боюнча Кыргызстанда туруп башка өлкөлөрдө иштеген ийгиликтүү инсандарды, маданият, илим багытында ийгиликтүү инсандарды жана окуу китептеринин авторлору  менен жолугушуулар пландалган. Андыктан "Ийгиликтүү инсандар менен жолугушуу"  иш чарабыз салтка айланып, окуучуларыбызга көп шыктануу берип, алардын келечектеги кесип тандоосуна да кенен жол ачып берет деген ишенимдебиз!

 


Фотослайдер