Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

"Англис тили" ийрими

Англис тили –эл аралык тил! Кошуласыңбы?

 


Америка Кошмо штатынын Эл Каттоо Бюросунда 2018 жылдын 1 январына карата дүйнөдөгү адамдардын саны 7 444 443 881ге барабар экени айтылат. Анын ичинен 1 800 000 000 адам англис тилинде сүйлөшөт, 400 000 000 адамга англис тили эне тил деп эсептелинет. Дүйнөдө англис тилин үйрөнүүгө кызыккан адамдын саны кескин өсүүдө. Анткени бул – медицинада, авиацияда, бизнес жана билим берүү тармагында кеңири колдонулат.

Окумуштуулардын айтуусунда азыркы күндө саны 3000ден 7000ге жеткен тилдер бар. Алар “тилдердин үй-бүлөсү” деп аталган топторго биригишет. Бул термин –тилдердин генетикалык жактан жакындыгы бар дегенди түшүндурөт.

Албеттте, ушунча тилдин ичинени англис тили – дүйнөлүк тил деп бекеринен эсептелинбейт.

Англис тили- сооданын жана бизнестин тили.

Бүгүнкү күндө англис тили дипломатиянын, соода байланыштарынын жана бизнес мамилелеринин тили. Дүйнөнүн 90 % ушул тил аркылуу эл аралык иштерди жүргүзүшөт. Дүйнөлүк финансылык фонддор жана биржалар англис тили аркылуу баарлашышат.

Англис тили - испан, араб, француз, орус, кытай тилдеринин катары менен Бириккен Улуттар Уюмунун официалдуу тили болуп саналат.

Англис- тил билим тармагынын тили.

Баардык заманбап билим берүү мекемелери, дүйнөдөгү престиждуу жогорку окуу жайларында сабактар англис тилинде өтүлөт. Илимий докладдар, макалалар англис тилинде интернет булактарына чыгарылат

Англис тил –илимдин жана техниканын тили.

Англис тили 21- кылымдын – техникалык өнүгүүнүн жана маалыматтык технология кылымынын тили. Бүгүнкү күндө баардык жаңы чыгып жаткан жабдыктардын, уюлдук телефондордун, түрдүү гаджеттердин инструкциялары дал ушул тилде басылып чыгат. Ар кандай чөйрөдөгү жанылыктар аталган тилге которулуп интернет булактарында жарык көрөт.

Англис тил- жаштардын тили.

Жаштардын көпчүлүгү кино сүйүүчүлөр. Америкалык актерлор, музыканттар жаштардын кумирлери болуп келишкен. Ошол эле учурда голливуд кино индустриянын талашсыз лидери. Мына дал ушул голливуд кинолору англис тилинде жарыкка чыгышат, андан соң башка тилдерге которулат.

Демек, англис тил – бул универсалдуу жана эл аралык тил. Эл аралык тил жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү болушу шарт. Андыктан, англис тилинин сөздүгү бай жана грамматикасы башка тилдерге салыштырмалуу жеңил. Бул тил дүйнөлүк аренада эл аралык тил катары дагы канча өмүр сүрөт болду экен? Аны айтыш кыйын. Бирок кытай тилин сүйлөгөндөрдүн саны 8 000 000дон ашат. Бул деген англис тилин сүйлөгөндөрдөн эки эсе көп дегенди берет. Андай болсо, эмне үчүн кытай тили эл аралык тил болуп эсептелинбейт деген суроо жаралбай койбойт?

“Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде “Англис тили” ийрими төмөнкү класстын окуучуларына эшигин ачат. Дүйнөдөгү эң популярдуу жана дүйнөлүк тил болгон англис тилин үйрөнүгө кош келгиле балдар!


Ийрим жетекчиси: