Ден соолукту сактоо технологиясынын практикаланышы
Ден соолукту сактоо технологиясынын окуу-тарбия процессинде колдонулушу
Адамдын ден соолугу – жашоо- тиричилигибиздеги баа жеткис байлыгыбыз. Ден соолукту сактоо, аны эстүүлүк менен пайдаланууну үйрөнүү ар бирибиздин милдетибиз. Оорулуулар үчүн ооруканаларды курганга караганда балдарга ооруну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү алда канча жемиштүү.
“Креатив-Таалим” билим берүү комплекси бул жаатта алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Маселен, окуучулардын ден соолугун текшерүү максатында жыл сайын октябрь айында медициналык кароодон өткөрүү иш чаралары жүргүзүлөт. Анын максаты, айрым учурда ата-эне, жакын туугандары байкабай жүргөн баланын ден соолук көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана атайын адистердин сунуштарын алуу менен окуучуларга жардам берүү. Мындан тышкары, балдардын туура тамактануусу үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлүп, жасала турган тамактардын менюсу атайын диетолог дарыгер тарабынан сунушталат. Салттуу түрдө окуу процесси учурунда балдардын кыймылдуу дене көнүгүүлөрү аткарылып, таза абага чыгуу, таңкы дене тарбия көнүгүүлөрү күн сайын аткарылат.
Адам менен табият, экономиканын өсүшү жана айлана- чөйрөнүн абалы бири-биринен ажырагыс биримдикте. Айлана-чөйрө - бул биздин жашоо шартыбыз жана жашаган жерибиз. Айлана- чөйрөбүзгө көнүл кош мамиле жасоо адамдарды ден соолугунан ажыратат. Андыктан отурган ордун таза жана иреттүү кармоого тарбиялоо максатында ар бир окуучу кичине жаш курагынан баштап жууп-тазалоо процессине жандуу катышат. Мунун өзү балдардагы өз ден соолугуна кам көрүү үчүн тазалыкты ар дайым сактоо адебине тарбиялайт. Мындан тышкары дарыгерлер тарабынан ден соолукту сактоо, ар түрдүү ооруларды алдын алуу максатындагы аңгемелешүүлөр уюштурулуп, атайын адистердин катышуусу менен тарбиялык сааттар өткөрүлүп турат. Сергек жашоо мүнөзүнө чакырык жасалып, тамеки, алкоголь, аз кыймылдуулук, туура эмес тамактануунун зыяндуулугу тууралуу тушүндүрүү иштери жүргүзүлүп, спорт менен машыгуу, күндөлук режимди сактоонун пайдалуулугу тууралуу кеңири маалымат берилет. Анткени спорт менен машыгып, көп кыймылдоо ден соолукту чыңдап, адамдагы ишке болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Ал эми ден соолуктан өткөн байлык барбы?...
Фотослайдер