Немис тили мугалимдеринин XIV республикалык курултайы
Немис тили мугалимдеринин XIV республикалык курултайы
27.04.2024
27-апрелде Германиянын Казакстандагы Гëте институту “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси менен биргелешип уюштурган немис тили мугалимдеринин XIV республикалык курултайынын ачылышы өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун жана мектептин мугалимдери катышышты.
Иш-чаранын максаты - немис тилин тереңдетип окутуунун заманбап ыкмаларын талкуулоо жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү болуп саналат.
Иш-чарада немис тилин натыйжалуу окутуунун презентациялары, эл аралык программалардын алдыңкы сабактары, ошондой эле мамлекеттик билим берүү уюмдарынын иш тажрыйбалары көрсөтүлөт.
Курултайга Германия, Казакстан жана Өзбекстандын немис тили мугалимдери жана лингвистикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар адистер катышууда.