КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ
КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ
19.04.2024
Германиянын Тюринген федералдык аймагынан келген „FAV Service gGmbH“ ассоциациясынын жетекчиси Хайко Шулер, долбоордун координатору доктор Денис Невинский «Креатив -Таалим» билим берүү комплексинин бүтүүрүүчү класстарынын окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү. Ассоциациянын өкүлдөрү окуучуларга Германиянын Тюринген федералдык аймагында дуалдык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берип, Германиянын кесиптик билим берүү окуу жайларында 350 кесип боюнча билим берилерин маалымдашты. Ассоцияция учурда регионалдык деңгээлде 150 багыттагы компаниялар менен иш алып барат. Алардын негизги максаты жаштарга кесип тандоодо багыт берүү, кесиптик билим жана сапаттуу билим алууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.