Баарлашуу сааты: "Адам укуктары"
Баарлашуу сааты: "Адам укуктары"
04.03.2025
“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин 8-11-класстарынын окуучулары үчүн адам укуктары боюнча баарлашуу сааты өткөрүлдү. Иш-чарага конок катары юрист, укук коргоочу, жыныстык тарбия жана репродуктивдик ден соолук боюнча эл аралык эксперт Улук Батыргалиев чакырылды. Анда негизги укуктар, эркиндиктер жана алардын турмуштагы мааниси тууралуу талкуу жүрдү. Окуучулар активдүү катышып, ой бөлүшүп, ар кандай кырдаалдарда укуктарын коргоо боюнча пайдалуу маалымат алышты.