Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

Соңку жаңылыктар

АК КАЛПАК КҮНҮ!
АК КАЛПАК КҮНҮ!

05.03.2025

Ак калпак - ар бир кыргыз мырзасынын абройу,...

Баарлашуу сааты: "Адам укуктары"
Баарлашуу сааты: "Адам укуктары"

04.03.2025

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин...

“STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары”
“STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары”

03.03.2025

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин...

Баардык жаңылыктар →

“STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары”

“STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары”

03.03.2025

“STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары”

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин 8-класстарынын окуучулары “STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары” темасында билим берүүнүн заманбап моделин колдонуу менен улуттук тамак-аштарды илимий изилдеп, жыйынтыгын ата-энелерге көрсөтүштү.

Илимдердин айкалышында интеграцияланып, улуттук даамдардын келип чыгышы, тарыхы, курамы, касиеттери, даярдоо ыкмалары, колдонулган азыктардын өлчөмү сыяктуу изилдөөлөр окуу жылынын башынан тартып жүргүзүлгөн. Мында окуучулардын чыгармачылыгын жана аналитикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер көрүлгөн.

Иш-чарага катышкан ата-энелердин пикиринде, STEAMди кыргыздын улуттук тамак-аштары аркылуу үйрөтүү кызыктуу гана болбостон, бул ыкма аркылуу окуучулар кыргыздын маданияты менен бирге тамак-аш даярдоо процесстерин, анын табигый жана биологиялык негиздерин, ден соолукка пайдалуу жактарын да үйрөнүп жетишишкен.