Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

Соңку жаңылыктар

АК КАЛПАК КҮНҮ!
АК КАЛПАК КҮНҮ!

05.03.2025

Ак калпак - ар бир кыргыз мырзасынын абройу,...

Баарлашуу сааты: "Адам укуктары"
Баарлашуу сааты: "Адам укуктары"

04.03.2025

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин...

“STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары”
“STEAM—Кыргыздын улуттук тамак-аштары”

03.03.2025

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин...

Баардык жаңылыктар →

Комплекстүү тест

Комплекстүү тест

28.02.2025

Комплекстүү тест

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинде ар бир чейректе предметтер боюнча окуучулардан комплекстүү тесттер алынып турат. Максаты – окуучулардын сабакты өздөштүрүү деңгээлин баалоо жана жетишкендиктерин талдоо, өтүлгөн темалар боюнча кандай кыйынчылыктар бар экендигин аныктоо, мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иш-чараларды пландаштыруу болуп саналат. Мындан тышкары логикалык жана аналитикалык багыттагы суроолор менен окуучулардын критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өстүрүү максатталган.

Комплекстүү тесттердин жыйынтыктары менен балдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча кошумча окутуу ыкмалары, эффективдүү методдор сунушталат.

Комплекстүү тесттер окуучулардын бир гана предметтик билимдерин эмес, практикалык колдонуу жөндөмүн да текшермекчи. Бул системалуу баалоо ыкмасы сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга жана “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.