ZEEN ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
ZEEN ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
15.01.2025

2024-жылдын 4-7-декабрь күндөрү өткөрүлгөн республикалык ZEEN OLIMPIAD 3-олимпиадасында байгелүү 1-2-3-орундарды ээлеген «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин 45 окуучусуна медалдар жана сертификаттар тапшырылды.
Биздин билим куржунубуз бул ирет 4 алтын, 9 күмүш, 32 коло медалдар менен толукталды!
Белгилей кетсек, аталган билим сынагына республика боюнча жалпы 7000ден ашуун окуучу катышып, 500гө чукулу байгелүү орундарды ээлешкешкен.
Жеңиш ээлерин куттуктайбыз!