Жашыл жаратылыш
Жашыл жаратылыш
13.12.2024
"Жашыл жаратылыш" темасы – келечек муунду табиятка аяр мамиле кылган инсан катары тарбиялоонун өзөгү. Балдарды табият менен тааныштырып, анын сулуулугуна суктануу менен бирге, табигый ресурстарды сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүнү калыптандыруу зарыл.
Бул максатта “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин 4-классынын окуучулары өсүмдүктөрдүн өсүшү, жергебиздин бермети болгон Ысык-Көлүбүздүн булганышы жөнүндө маалымат топтоп, табиятка кам көрүү менен жашыл жаратылышыбызды сактоого үндөгөн иш-чара уюштурушту.