Кесипке багыт берүү (BERIL ACADEMY)
Кесипке багыт берүү (BERIL ACADEMY)
12.12.2024
“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына кесипке багыт берүү программасынын алкагында, чет мамлекеттерде билим алууга багытталган жолугушуулар уюштурулуп турат.
Бул ирет Түркиянын жана Германиянын окуу жайларында бюджеттик жана гранттык негизде окутуу боюнча BERIL ACADEMY билим берүү мекемесинин өкүлү окуучулар менен жолугушуу өткөрдү.
Анда аталган өлкөлөрдүн мамлекеттик окуу жайларына тапшыруунун жоболору тууралуу маалымат берилди.