Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

Соңку жаңылыктар

ЖРТга даярдык
ЖРТга даярдык

29.01.2025

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин...

“БИЛИМ СЕРЕСИ” (2-тур, 2025-ж.)
“БИЛИМ СЕРЕСИ” (2-тур, 2025-ж.)

28.01.2025

"Креатив-Таалим" Билим берүү комплекси...

ZEEN ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
ZEEN ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

15.01.2025

2024-жылдын 4-7-декабрь күндөрү өткөрүлгөн...

Баардык жаңылыктар →

Ата-энелер чогулуштары

Ата-энелер чогулуштары

04.12.2024

Ата-энелер чогулуштары

 

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинде “Ата-эне-мугалим-окуучу” үчилтик өнөктөштүгү жолго мыкты коюлган. Бул багытта окуу жылынын 2-чейрегинде комплексте балдардын жаш курактарына жараша бөлүп даярдалган ата-энелер чогулуштарынын сериялары өткөрүлөт.

Маселен, бул жолу жогорку класстардын ата-энелерине “Кесипти туура тандоо - келечектин өзөгү” темасында өтүлсө, 2-класстарга “Ата-энелик сүйүү деген эмне?” темасында уюштурулду.

Ал эми 6-7- жана 8-класстардын ата-энелерине балдардын өткөөл курагы эске алынып, “Келгиле балдарыбыз менен баарлашалы” темасы каралган.

1-класстардын окуучуларына “Адаптациялык мезгилдин ийгиликтүү өнүгүшүнө жардамдашалы” темасында ата-энелер чогулушу өткөрүлдү. Ал эми 3-4-жана 5-класстардын окуучуларынын ата-энелерине балдардын бул курагында кандай өзгөрүүлөр болору тууралуу “Баланын мүнөзү жана темпераменти” темасында пайдалуу маалыматтар берилди.

Мындай форматта өткөрүлгөн ата-энелер чогулуштарынын пайдасы эмнеде?

  • Эң алгач, ата-энелердин балдарынын жаш курактарындагы өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматтуулугу артат.
  • Экинчиден, “Ата-эне-мугалим-окуучу” үчилтигиндеги кызматташууну ачык байланыш аркылуу күчөтүү каралат. Балдардын жүрүм-турумдарындагы же окууларындагы көйгөйлөрдү эрте аныктоо, аларды чечүү жолдорун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул чогулуштарда ата-энелер балдардын тарбия процессине көбүрөөк тартылып, аларга карата өз жоопкерчилигин сезе башташат.