"Төлгө" спектакли
"Төлгө" спектакли
20.11.2024
Окуучулардын руханий өнүгүүсүнө театрга баруу чоң салым кошот. Анткени театр бул искусствонун эң жогорку түрлөрүнүн бири болуп эсептелинет. Окуу программасына киргизилген материалдарга мектептеги китеп окууну театралдашкан спектаклдер аркылуу байланыштыруу менен, балдардын чыгармаларды түшүнүү жана анын үстүндө анализ жүргүзүү жөндөмдөрү өнүкмөкчү.
Мындан тышкары, каармандардын тагдыры, чагылдырылган эмоциялар менен балдар ар кандай турмуштук кырдаалдарды түшүнүп, биле башташат. Театрга баруунун дагы бир пайдасы - спектаклдер ак менен караны ажыратуу, адилеттүүлүк, айкөлдүк, боорукердик, Мекенге болгон сүйүү сыяктуу маанилүү баалуулуктар аркылуу балдардын мүнөздөрү туура калыптанат, сезимталдык күчөйт.
Эң башкысы, театрга баруу балдардын тил байлыгын өстүрүп, алардын дүйнө таанымдарын кеңейтип, чыгармачыл жана маданий деңгээлдерин жогорулатат. Демек, театр бул бала тарбиялоонун натыйжалуу жана пайдалуу жолдорунун бири экендиги шексиз.