Кызматташтык көпүрөсү
Кызматташтык көпүрөсү
22.11.2024
Кызматташтык мамилелерин бекемдөө жана тажрыйба алмашуу багытында “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин мугалимдери “Калем-Лидерлер академиясынын” жамааты, ошондой эле, “Цивилизациялардын кызматташтыгы жана алмашуусу” фондунун президенти Имам Башар Арафат мырза менен биргеликте жолугушуу уюштурулду. Анда билим берүү тармагындагы пикир алмашуу болуп, окуучуларды келечекке даярдоо, кесипке багыт берүүдө лидер мугалимдин орду талкууланды.
Лидер мугалим-бул кесипкөй, ишине так, окуучуларды жана кесиптештерин шыктандыра билген дилгир инсан.
Лидер мугалим-өнүгүүдө жана өсүүдө өзүнө эч качан чек койбойт. Ал ар мезгилде замандын талабына ылайык жаңы билимдерди, технологияларды, методикаларды өздөштүрөт.
Лидер мугалим-окуучуларды келечекке даярдап, өзүн-өзү өнүктүрүү жана максат коюу көндүмдөрүн калыптандырат.