Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

Аралыктан окутуу

Аралыктан окутуу платформасы

 


Акыркы жылдардагы бардыгыбызга белгилүү болгон окуялар дистанттык, онлайн билим берүүнүн актуалдуулугун мурункудан да жогорулатты десем жаңылышпаймын. Дүйнөнү каптаган пандемия шарты көптөгөн өлкөлөрдүн билим берүү мүмкүнчүлүгүн оң жагынан да терс жагынан да сынагандай болду. Албетте пандемияга чейин эле билим берүүнүн онлайн платформаларын кеңири колдонуп жүргөн өнүккөн өлкөлөр үчүн бул сыноо көп билинген жок, ал эми биздин өлкө үчүн тилекке каршы көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолду десек жаңылышпайбыз. Анткени мындай окуу формасына өтүүгө бир нече кемчилитерибиз бар эле:

  • биринчиден мугалимдердин онлайн сабак өтүү боюнча жетиштүү билимдеринин жоктугу;
  • Окуучулардын даяр эместиги;
  • Интернетте кыргыз тилди окутуучу материалдардын жокко эселиги;
  • жана эң негизги көйгөй кыргыз тилдүү аудитория үчүн окутууга арналган ОНЛАЙН платформалардын жоктугу

чоң кыйынчылыктарды жаратты. Ар бир жаралган көйгөйдүн эки жагы бар дегендей, пандемия шарты билим берүү системасынын онлайн жана дистанттык түрүн тез арада өнүктүрүүгө чоң түрткү болду десек да болот. Анткени аз убакытта билим берүү тармагына өмүрүн арнаган мугалимдердин басымдуу бөлүгү, жаңы технологияларды кеңири пайдаланып, интернет онлайн окутуунун ыкмаларын өздөштүрө алышты. Интернетке болсо көптөгөн материалдар жүктөлүп, кыргыз тилдүү аудитория үчүн чоң жардам болду.

“Креатив-Таалим” билим берүү комплекси да пандемия шартында билим берүү системасына өз салымын кошуп, телесабактар үчүн бир нече кесипкөй мугалимдерибизсапаттуу видеосабактарды тартып берип турду. Андан тышкары онлайн, дистанттык билим берүү боюнча эң биринчи кыргыз тилдүү аудитория үчүн ОНЛАЙН кошумча билим берүү платформасын иштеп чыкты. Азыркы учур да бул платформада 5 предмет боюнча ар бир темага сапаттуу видеосабактар тартылып жүктөлдү, андан тышкары ал сабактардын теориялык материалдары, текшерүү үчүн тест, ошондой эле окуучунун мугалимге суроо берүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Азыркы учурда платформа тесттик режимде текшерүүдөн өтүүдө жан көптөгөн колдонуучулардын купулуна толуп, сапаттуу билим алууларына шарт түзүп жатат. Келечекте бул платформабызда бардык предметтер боюнча сапаттуу видеосабактар жана окуучулар менен мугалимдерге керек болгон материалдар топтому жыйналат деп ишендирип кете алабыз.

Эми ушул онлайн же дистанттык билим алуунун артыкчылыктары жана кемчиликтерине токтоло кетели.

1) Кемчиликтери:

  •  Өзүн көзөмөлдөн чыгаруу. Кээде жалкоолук бизди жеңип кетет. Бул окуудан артта калуу дегендик. Элестетсеңиз, сизге күндө мугалимдин көзөмөлү эмес, өзүңүздү-өзүңүз мажбурлоого туура келет.
  • Техникалык жабдыктар. Сизде ар дайым интернет болууга тийиш. Мыкты сапаттагы техникалык каражаттарды жана интернетти пайдалануу сунушталат. Эгер алар жетишсиз болсо, маалыматтан артта калып, тайпалаш же классташтарды программа боюнча кууп жете албай каласың.
  • Окуучулук же студенттик кызыктуу жана эстен кеткис күндөрдүн жоктугу.
  • Эгер сен врач, механик же электрик болууну кааласаң, тилекке каршы, дистанттык окуу сага туура келбейт. Бул адистиктер практикалык ыкманы колдонуу менен гана окутулат.
  • Техниканы, жаңы гаджеттерди жана тиркемелерди колдонуу ата-энелер үчүн абдан чоң көйгөй жаратты. Ошондой эле мектепте мугалим баланын тартибин көзөмөлдөп, окуучунун жөндөмүнө, кыял-жоругуна жараша чыдап билим берет. Ал эми ата-эненин баары эле мугалим болбогондуктан, балага билимди жеткире албай кыйналган учурлар көп.
  •  Бир үйдө бир нече окуучу же студент болсо гаджет, интернет, убакыт тартыштыгы жаралат. Жадыбал мектеп жетекчилиги тарабынан канчалык туура түзүлсө дагы ар түрдүү класста, ар кайсы мектепте окуп, бирок бир үйдө жашаган окуучулардын сабактары “сүзүшүп” калган учурлар болот.

2) Артыкчылыктары:

  • Окуш үчүн университет же мектеп жайгашкан аймакка көчүүнүн, ижарага батир издөөнүн жана окуу жайдын оңдоп-түзөө иштерине чогултулчу чыгымдарга акча коротуунун кереги жок. Ар түрдүү имараттарга, кеңселерге, бөлмөлөргө ижара акы төлөбөстөн, акчаңызды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жатак мектептин тарбиялануучуларына ата-эне тамак-аш жана башка керектөөлөрүнө акы төлөбөйт.
  • Иш күнүндө каалаган саатта каалаган сурооң боюнча мугалимге кат жазып, жообун алсаң болот.
  • Уктап калдым же маанилүү сабакка кечиктим деп коркпойсуң, каалаган маалда материалды интернеттен көрүүгө болот. Мугалимден “Сен менин сабагыма эмнеге келген жоксуң? Ошондуктан мен сага “2” коём” деген сөз укпайсың.
  • Өз алдынчалуулук. Аралыктан билим берүүдө окуучу өз алдынча эмгектенет. Окуу жайдагы түрдүү иш-чаралар окуучунун изденүүсүнө көп деле таасирин тийгизбейт дешет адистер.
  • Сенин эмне кийгениң, эмне ичкениң, азыркы финансылык абалың, боюң жана салмагың эч кимди кызыктырбайт.
  • Албетте, аралыктан окутуунун эң башкы пайдасы жана максаты – бул учурдагы пандемиядан сактануу.

Фотослайдер