Биздин артыкчылыктар
"Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин артыкчылыктары!
Нандан кийин адам үчүн эң башкысы мектеп (Дж. Дантон)
Адамдын азыркы замандагы ийгилигинин ачкычы - бул заманбап билим алуу, коомдо жашоо үчүн зарыл болгон билимдерди, көндүмдөрдү жана ишмердүүлүк ыкмаларын өздөштүрүү. Бүгүнкү күндө адам жаңы нерселерди өздөштүрүп, жаңы кесиптик сапаттарга ээ болуп, дээрлик бүт өмүрүн окуп-изилдөөгө арнашы керектиги шексиз. Ал эми билим алуунун биринчи тепкичтери албетте бала-бакча, андан кийин мектеп, андан соң жогорку окуу жайлары болуп кетет. Андыктан ар бир ата-эненин оюнда кайсы мектепти тандаш керек деген суроо болбой койбойт. Албетте өлкөбүздө мектептер көп, мамлекеттик билим берүү мекемелери менен кошо азыркы заманда өтө тездик менен өнүгүп жаткан жеке мектептер да билим берүүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүшүп жатат.
Ар бир ата-эне өзүнүн баласына сапаттуу билим берип, кийинки жашоо-турмушунда өз ордун тапкан билимдүү, тарбиялуу инсан болушун чын жүрөктөрү менен тилешет. Ал эми инсандын толук кандуу өсүп өнүгүшү, таалим-тарбияга сугарылышы, деги эле коомдо өз ордун тапкан инсан катары туруктуу өсүп өнүгүшүнө ага таалим-тарбия берген мекеменин чоң таасир тийгизиши анык. Ошондуктан туура билим берүү мекемесин тандоо ата-эне үчүн маанилүү.
Албетте ар бир мекеменин өзүнүн артыкчылыктары бар, алар ошол артыкчылыктары менен окуучуларды жана ата-энелерди өзүнө тартат. Мына ушул артыкчылыктары боюнча "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин иш алып баруусуна токтоло кетсек, алар кайсылар:
1) Албетте билим берүү мекемеси болгондон кийин ар бир ата-эне ал мекеменин билим берүү сапатына биринчи токтолот. "Крееатив-Таалим" билим берүү комплексинде өтө дасыккан, өз предемети боюнча чыныгы адистер конкурстук негизде алынып эмгектенишет. "Креатив-Таалим" билм берүү комплексинин жамааты, ынтымактуу, меймандос жана эң негизгиси сапаттуу билим берүүнү толук камсыз кыла алат. Мугалимдер жамааты, "Окуу методикасы" жана "Заманбап окутуу технологиялрын колдонуу" боюнча мезгил-мезгили менен квалификациясын жогорулатуучу курстардан өтүп турушат жана өздөрү да башка мугалимдерге мастер класстарды өтүп турушат. Андан тышкары дагы бир жаңылык "Креатив-Таалим" билим берүү комплекси Республиканын мектептеринин ичинен эң биринчилерден болуп мугалимдер формасын киргизишти.
2) Экинчиден албетте балдардын түштөн кийинки убактысы канчалык деңгээлде эффективдүү колдонула тургандыгы ата-энелерди кызыктырат. Ал эми бул багытта да биздин комплекс алгылыктуу иштерди алып барат, анткени түштөн кийинки убакытта балдар өздөрү каалаган көптөгөн ийримдерине катыша алышат, ошондой эле "үй тапшырмасын" аткаруу убактысы да болот. Б.а. окуучу үй тапшырмасын мектептен аткарып үйнө эс алуу үчүн гана барат.
Негизи "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин ачылганына аз убакыт болсо да азыркы билим берүүнүн талаптарына толук жооп берген көптөгөн артыкчылыктары менен мактана алат. Алардын негизги 12 си менен ушул барактардан тааныша аласыздар:
Окутуунун кыргыз тилинде жүргүзүлүшү | Гумандуу педагогиканын элементтери | Мугалимдер үчүн жана балдар үчүн интерактивдүү жур. |
Тил үйрөнүү боюнча волонтерлордун кызматы | Ата-энелер үчүн тренингдердин өтүлүшү | Күн сайын китеп окуу сааттары |
Ийгиликтүү инсандар менен жолугушуу кечелери | Аралыктан окутуу, кошумча билим платформасы | "Жеңиштердин жемиши" жетишкендиктер парадын өткөрүү |
STEAM билим берүү багытынын практикаланышы | Улуттук баалулуктарга өзгөчө көңүл буруу | Ден соолукту сактоо технологиясынын колдонулушу |
Бул артыкчылыктар менен кеңири таанышуу үчүн менюлар аркылуу өтүңүз.