Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү 1/1 0(706) 37-54-54

"2D анимация жана Photoshop" ийрими

“2д анимация жана фотошоп” ийрими

 


Анимация - бир катар кыймылсыз сүрөттөрдү тез-тез катары менен көрсөтүү менен пайда болгон кыймыл-аракет иллюзиясы. Компьютерлер дүйнөсүндө бул эффектти жаратуу үчүн колдонулган графикалык программалар.

Анимация боюнча Кыргызстанда түшүнүк жокко эсе. Кыргызстандын бир дагы университетинде анимация адисин чыгаруу боюнча бөлүмдөр жок. Бирок, технологиянын өнүгүшү менен азыркы жаштар өз алдынча же башка жактардан анимациялык программаларды үйрөнүп, кыска мультфильмдерди чыгарышууда. Ошондой эле ютубга канал ачып, балдар үчүн 2д, 3д анимациялык роликтерди жасашууда.

“2д анимация жана фотошоп” ийриминин актуалдуулугу

Окуучулар, телефон, компьютер менен убактысын жөн эле кетирбестен, пайдалуу программаларды үйрөнүп, кызыктуу, керектүү видео-роликтерди жасап, өзүлөрүн өнүктүрүүгө багыт берүү.

Ийримдин максаты

Сүрөттөрдүн кандай кыймылга келип, алар аркылуу кандай роликтер жаралаарын, окуучулардын өз колу менен жасап көрүүсү.

Ошондой эле, бул тармакка кызыккан жаштарга жол көрсөтүү. Фотошоп аркылуу эмнелерди жасаса болоорун үйрөтүү. Бул ийримде окуучулар фотошоп менен “Moho” 2д программасын үйрөнүшөт. Фотошоптон: баннер, визитка, брошюра, чакыруу ж.б. жасаганды үйрөнүшөт. “Мохо” 2д программасынан кыскача анимациялык роликтерди жасаганды үйрөнүшөт.


Ийрим жетекчиси: Акылбек кызы Мадина